Нарын шаарынын кире беришине арка коюлат. Эскиздер

Маалым болгондой, облус жана шаар бийлиги эки вариантты карап, сунуштарын айтышкан. Азырынча жеңүүчү аныктала элек.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Нарын шаарынын кире беришине арка орнотууга аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, арканын архитекторлор сунуштаган эскиздери ардагер архитектор, мугалим, аксакалдар соту жана шаардыктардын сынына коюлуп, бир катар сунуштар кабыл алынган.
1 / 3
Нарын шаарынын кире беришине арка орнотууга аракеттер көрүлүүдө.
2 / 3
Билдирмеге караганда, арканын архитекторлор сунуштаган эскиздери ардагер архитектор, мугалим, аксакалдар соту жана шаардыктардын сынына коюлуп, бир катар сунуштар кабыл алынган.
3 / 3
Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков калаа үчүн кооз жана сапаттуу белгини орнотуп алуу үчүн болгон күч-аракет көрүлүп жатканын белгиледи.
Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков калаа үчүн кооз жана сапаттуу белгини орнотуп алуу үчүн болгон күч-аракет көрүлүп жатканын белгиледи.
Маалым болгондой, облус жана шаар бийлиги эки вариантты карап, сунуштарын айтышкан. Азырынча жеңүүчү аныктала элек, архитекторлор талкуунун жыйынтыгы боюнча толуктоо киргизип жатканы кошумчаланды.