Кыргызстанда кен тапкандар анын наркынын 50 пайызын алат. Бул тууралуу Чынарбек Жолдошов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул мүмкүнчүлүктү көпчүлүк колдонбойт.
"Тарыхый эстеликти таап алгандардан маалымат келип түшөт. Билдирүүнү көбүнчө жергиликтүү тургундар, туристтер же изилдөөчүлөр берет. Ошонун негизинде жергиликтүү бийликке тийиштүү чара көрүү боюнча кат жөнөтүлөт. Катта тарыхый эстеликти коргоого алуу, 50 метр аралыкка чейин бак-дарак отургузууга, ошол жерде курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Андан кийин изилдөөчүлөр тарыхый эстелик тууралуу кеңири маалымат алат. Натыйжада уникалдуулугуна жараша каттоого алынат. Жарандарды стимулдаштыруу үчүн мыйзамда кен жана башка буюм табылса, анын наркы аныкталып 50 пайызын тапкан адамга берүү каралган. Тилекке каршы, бул мүмкүнчүлүктү көптөр колдонбой келет. Кандайдыр буюм таап алса, аны болушунча жашырып башка рыноктор аркылуу сатууга аракет кылышат. Негизи тарыхый табылганы сатууга аракет кылгандар эстеликке кандайдыр бир зыян тийгизгени аныкталса жоопкерчиликке тартылат", — деди Жолдошов.
Ошондой эле ал маданий мурастардын тарыхты аныктоодогу маанисин эске алып, табылгалар акча менен эсептелбеши керектигин кошумчалады.