БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Өлкөдө бүгүн орто кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 2021-2022-окуу жылына 4 131 бюджеттик орун бөлүнгөн. Абитуриенттерди кабыл алуу жана документтерди тариздөө интернеттеги маалыматтык система аркылуу жүргүзүлөт.
"Бул үчүн абитуриенттер мектепке же колледжге барып катталып, https/2020.edu.gov.kg/spuz сайтына кирүү үчүн логин жана сыр сөздү алышы зарыл. Андан кийин окуу жайды, адистикти тандашат. Кабыл алуу үч тур менен жүргүзүлөт. Ар биринде бүтүрүүчү бюджеттик же акы төлөп окуу үчүн бирден өтүнмөнү жөнөтө алат. Айрым адистиктерде салттуу жана онлайн тартипте кошумча сынактар өткөрүлүшү мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Бүтүрүүчүлөр кенен маалыматты министрликтин сайтынан ала алат.
Кыргызстанда учурда 153 колледж иш алып барат, алардын 48и мамлекеттик деп билдиришти. Кадрларды даярдоо 130 адистик боюнча жүргүзүлөт. Учурда колледждерде 96 миң адам окуса, 7 300 окутуучулар эмгектенет.