Кош бойлуу аялдарга кайсы учурда эмделүүгө болбойт? Адистин жообу

Аскеров боюнда бар аял коронавирус жуктуруп алса оору оор формада өтүшү ыктымал экенин белгилеп, айрыкча тобокел тобуна киргендерди сөзсүз вакцина алууга чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Эпидемиологиялык кырдаал курчуп жаткандыгына байланыштуу эмдөөгө каршы көрсөтмөсү жок кош бойлуу аялдарга вакцина алуу сунушталат. Бул тууралуу Кыргызстандын акушер-гинекологдор ассоциациясынын президенти Арсен Аскеров брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, дүйнө жүзү боюнча 118 миңден ашуун кош бойлуу аял эмдөөдөн өткөн.
"Эгер боюнда бар аял коронавирус жуктуруп алса, анда оору оор формада өтүшү ыктымал. Бала эрте төрөлүп же түйүлдүк өспөй калуу коркунучуна да кабылышы мүмкүн. Ошондуктан кош бойлуу аялдарга вакцинаны дарыгерден кеңеш алгандан кийин сайдырууну сунуштайбыз", — деген Аскеров.
Бир суткада 1 330 кишиден коронавирус табылып, 11 бейтап көз жумду
Адис кош бойлуу аялдар ашыкча салмак менен жабыркаса, кант диабети, өнөкөт анемиясы, гипертония, жүрөк кемтигинен жабыркаса жана 35 жаштан ашкан куракта болсо тобокел тобуна кирерин белгилеген. Буларга вакцинаны сөзсүз алуу сунушталат.
"Ал эми дары-дармектерге, айрым азык-түлүккө аллергиясы бар, коронавирус жуктурган жана андан айыккандардын плазмасы менен дарыланган, ошондой эле тромбоз, тромбоцитопения синдрому бар кош бойлуу аялдарга вакцина жасоого болбойт", — деди адис.
Ал ДССУ өнөкөт оору менен жабыркаган боюнда бар келиндерди кош бойлуулуктун 20-22 жумасынан кийин макулдугун алып эмдөөнү сунуштаганын кошумчалады.