Бир суткада 1 330 кишиден коронавирус табылып, 11 бейтап көз жумду

Коронавирустан көз жумгандардын алтоо Бишкектен, экөө Чүйдөн. Ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Талас облустарынан бирден адам каза тапкан. Муну менен өлкөдө жалпы 2 113 киши коронавирустун курмандыгы болду.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 1 330 адамдан коронавирус табылып, 763 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Инфекционист коронавирустун башкы максатын айтып берди
Тилекке каршы, кечээтен бери оору 11 адамдын өмүрүн алган. Анын алтоо Бишкектен, экөө Чүйдөн. Ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Талас облустарынан бирден адам каза тапкан. Кыргызстанда жалпысынан 2 113 киши коронавирустун курмандыгы болду.
Азыркы тапта 4 694 бейтап стационарда дарыланууда. Анын ичинен 1 358 бейтаптын абалы оор болсо, 221 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Бир сутка ичинде 42 медиктен коронавирус табылган.