СOVID: Бишкекте жана калаа четиндеги ооруканаларда 200дөн ашуун орун бар

Бош орундардын көбүн Воронцовка айылындагы Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунан табууга болот.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкектеги жана шаар четиндеги 14 стационарда коронавирус менен ооругандар үчүн 227 орун бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалымат бүгүн, 12-июль, саат 08:00гө карата берилди.
Өткөн суткада өлкөдө 1 330 адамдан коронавирус табылып, 763 бейтап айыкты. Тилекке каршы, кечээтен бери оору 11 адамдын өмүрүн алды.