Мектептерде Адам жана коом сабагына финансылык сабаттуулук боюнча 72 сааттык окуу куралы түзүлүп, окуучуларга акчаны туура колдонуу ыкмалары үйрөтүлөт. Мындай маалыматты Тынчтык Теңизбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мектеп окуучуларын, мугалимдерди окутуу үчүн атайын машыктыруучулар даярдалып, окутуу методдорун үйрөтүшөт.
"2016-жылы КР өкмөтү тарабынан атайын токтом кабыл алынып, 2016-2020-жылдарга карата калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы иштелип чыккан. Программа үч этапта ишке ашып, республикалык көп иш-чараларды камтыган. Ага ылайык, үч багыттагы маселелер каралган. Алсак, өспүрүмдөр, мектеп окуучуларына арналган финансылык сабаттуулук боюнча окуу сабактарды ачуу болгон. Экинчиден, чоңдор үчүн маалымат жеткирүү методикасы бекитилген. Үчүнчүдөн, калктын бардык катмарына тиешелүү жеткиликтүү маалыматтар таратылган. Мектептерде финсабат боюнча Адам жана коом сабагына атайын окуу куралдары даярдалып, 72 саат ичинде билим берилет. Чоңдор үчүн насыя алуунун туура ыкмалары, үй-бүлө бюджетин толтуруу сыяктуу темалар камтылган", — деди Теңизбаев.
Ошондой эле адис финансылык сабаттуулук жаатында чоңдор үчүн тогуз негизги багыт боюнча окуу куралдары даярдалгандыгын кошумчалады.