Бишкекте жана анын четиндеги ооруканаларда 255 орун бар. 18:00гө карата маалымат

Күндүзгүгө караганда койкалардын саны азайган. Бейтаптар бош койкалардын көбүн Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинен таба алат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкектеги жана шаар четиндеги стационарларда коронавирус менен ооругандар үчүн 255 орун бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалымат бүгүн, 12-июль, саат 18:00гө карата берилди.
Өткөн суткада өлкөдө 1 330 адамдан коронавирус табылып, 763 бейтап айыкты. Тилекке каршы, кечээтен бери оору 11 адамдын өмүрүн алды.