Бишкекте сентябрга чейин 56 билим берүү мекемеси оңдоодон өтөт

Учурда №1 шаардык клиникалык ооруканасынын корпусунда, №181 жана №162 бала бакчасында оңдоо иштери жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкекте үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин 56 билим берүү, ноябрга чейин 11 медицина мекемеси оңдолуп бүтөт. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 2
Бишкекте үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин 56 билим берүү, ноябрга чейин 11 медицина мекемеси оңдолуп бүтөт.
2 / 2
Учурда №1 шаардык клиникалык ооруканасынын хирургиялык корпусу менен элеватордук түйүндөрүнүн чатырын жаңылоо иштери жүрүп жатканы айтылды.
Учурда №1 шаардык клиникалык ооруканасынын хирургиялык корпусу менен элеватордук түйүндөрүнүн чатырын жаңылоо иштери жүрүп жатканы айтылды.
Ал эми №181 бала бакчанын 1-кабатындагы жылытуу системасы толугу менен оңдолгон. №162 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылуулук системасы капиталдык оңдоодон өткөн.