Үч адамдын өмүрүн алды. Алайдагы үрөй учурган жол кырсыктын видеосу

Toyota Corolla үлгүсүндөгү жеңил унаа менен Lexus LX 570 жолтандабас кагылышкан. Кырсык болгон жерде эки адам көз жумган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ош облусунун Алай районунда кечээ болгон жол кырсыгынан каза болгондордун саны үчкө жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жол кырсыгы Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там трассасынын 70-чакырымында катталган. Анда Toyota Corolla үлгүсүндөгү жеңил унаа менен Lexus LX 570 жолтандабас кагылышып, эки адам каза болгону айтылган эле.
"Кырсык болгон жерде 69 жаштагы аксакал жана 67 жаштардагы аял көз жумган. Ал эми 66 жаштагы дагы бир аял кийинчерээк ооруканада каза болгон. Кырсыкка кабылган 70 жана 48 жаштардагы эки эркек адам ооруканага жеткирилген", — деп айтылат ӨКМдин маалыматында.
Кадрдан көрүнүп тургандай, унаанын алдыңкы бөлүгү талкаланган. Жеринде куткаруучулар менен жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлери иш алып барган. Тез жардам унаасынын медиктери жапа чеккендерди Алай райондук ооруканасына алып кетишкен.