БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. 12-июлда кечке маал Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу жайлоолордун биринде катуу нөшөрдүн кесепетинен сел жүрүп, суу жети кишини агызып кетти. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөн Султанмуратов тастыктады.
Анын айтымында, сел агызып кеткен жети адамдын ичинен бешөөнүн сөөгү саат 22:00дө табылган. Ал эми дагы эки адамдыкы изделип жатат.
ӨКМден жети адамды агызып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөнүн, министрликтин Аксы райондук бөлүмүнөн ыкчам тобу издөө иштери жүрүп жатканын айтышты.
ӨКМ андан сырткары төмөнкү маалыматты берди.
"12-июль саат 18:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, ал Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Жолборсту айылында ички чарбалык жолдорду жууп, көпүрөлөрдү бузган. Саат 20:30дар чамасында Жаңы-Жол айыл аймагындагы нөшөрдөн кийинки сел Малкалды жайлоосуна барчу ички жолду каптаган", — деп айтылат маалыматта.
Жерине ӨКМдин Аксы райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу иштеп жатканын, дагы кошумча маалымат берилерин айтышты.