БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Афганистандын коопсуздук күчтөрү "Талибан" кыймылынын чалгындоо тобунун башчысын жок кылды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып РИА Новости кабарлады.
"Афганистандын атайын полициясы жүргүзгөн өзгөчө операцияда кечээ түнү Логар провинциясында "Талибан" кыймылынын чалгындоо тобунун башчысы Кари Шагаси жок кылынды. Мындан сырткары, эки согушкер кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Ушул тапта Афганистанда өкмөттүк армия менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп жатат. Согушкерлер айылдарды басып алып, эми ири шаарларга тап коюшууда. Кооптуу кырдаал Вашингтондун 11-сентябрга чейин бардык аскер күчүн чыгарып кетүү боюнча берген убадасынан кийин курчуй баштаган.
"Талибандын" делегациясы менен Россия президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Азия боюнча экинчи департаментинин башчысы Замир Кабулов мындан бир нече күн мурда жолуккан. Өздөрүн "Ислам эмирлиги" деп атаган бул тараптын өкүлдөрү Афганистанда туруктуу тынчтыкты орнотууга кызыкдар экенин билдиришкен. Андан сырткары, аталган өлкөнү башка мамлекеттерге кол салуу үчүн колдонбой тургандыктарын айтышкан.
Аны менен катар эле Америка Кошмо Штаттары менен мамилени жаңы, таза барактан баштоо ниетин да жар салышкан. Анткен менен "Талибандын" активдеше башташы дүйнө коомчулугун жана Афганистанга чектеш мамлекеттерди, ири саясий эл аралык уюмдарды түйшөлтө баштады.