Түгөлбай Сыдыкбековдун уулу Сабырбек Сыдыкбеков: атам 1000 жыл жашады

Жазуучу, романист Түгөлбай Сыдыкбековдун "Көк Асаба", "Кең Суу", "Биздин замандын кишилери", "Тоо арасында" романдары элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан. Эгемен тарыхта Кыргыз Эл Баатыры наамын биринчи алган улуу инсан нарк-насилдин, каада-салттын нускалуу билерманы эле.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу, залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбековдун уулу Сабырбек Сыдыкбеков келип, атасы тууралуу маек куруп кетти.
— Улуу жазуучунун бала кезин эскерсек...
— Атам 1912-жылы төрөлүп, 17 бир туугандын кичүүсү болгон. Бирок чечектен улам 16 бир тууганынын он бири каза болуп калыптыр. Ошол себептен ата-энеси ырымдап атамды улам бир үйгө катып, орун которуп аман алып калышкан экен. Ысымын да "түгөл болсун" деген ниетте Түгөлбай деп коюшкан. Балалыгы Ысык-Көлдөгү Кең-Суу айылында өтүптүр. Кадимки Үркүндө атам төрт гана жашта болсо да андагы кыйын күндөрдү, окуялардын баарын эстеп калган. Ал эмес эки жашында казандагы ысык сүткө түшүп калганын да унутпай айтып берчү. Атамдын эске тутуму абдан күчтүү эле. Кичинесинде да баладай болуп ойноп кетпей, айылдагы аксакалдардын сөзүнө кулак төшөп отурчу экен. Ушундай куйма кулак болуп өсүптүр.
Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбеков уулу Сабырбек Сыдыкбеков менен. Жазуучу жубайы Асылгүл менен бирге үч уул, бир кызды тарбиялашты
— Үркүн тууралуу айтып бергендери эсиңизде барбы?
— Үркүндөгү элдин башына түшкөн мүшкүлдө көргөн-билгендерин жазып да кеткен. 1916-жылы жаңылбасам август айында атам апасы менен Текести көздөй тентийт. 1917-жылы Кеңеш өкмөтү орноп, атамдар 1918-жылы Ысык-Көлгө кайтышкан. Ошол кезде Кең-Сууда Василий Коровин аттуу билимдүү орус көпөс болгон экен. Ал Ак падышанын убагында Кытайда дипломат катары кызмат өтөгөн дешет. Кийин кандайдыр бир себептер менен фермер болуп кетиптир. Ошентип Кеңеш өкмөтү келген маалда Коровин жергиликтүү кыргыздардан жумушчу издейт. Ошол убакта атам алты жашта, ал эми өзүнөн 18 жаш улуу агасы Түмөнбай 23 жаштан өтүп калган куракта экен. Василий эмне айтса эле Түмөнбай агабыз "жасай алам, колумдан келет" дей бериптир. Ошентип Коровин атамдын агасын жана атамды малайлыкка алып, атамдар анын үйүндө туруп калышкан. Мунун баары китепте жазылуу. Башка жазуучулардан айырмаланып, бул киши баштан өткөн оор күндөрү жөнүндө китеп чыгарган. 1972-жылы 60 жашында чыккан "Жол" жана кийин 80ден ашып калганда "Бел-белес" деген чыгармаларында өзү жөнүндө абдан жакшы жазып кеткен. "Жол" романында жазылгандай, атам кичинесинде көл жээгинде балдар менен ойноп жүрүп да Лев Толстойдун, Александр Пушкиндин китебин колунан түшүрбөй окуптур. Ошондо жанындагы балдар "ой, бул китепти сен түшүнө алмак белең. Муну чоң кишилер окуйт" десе, атабыз "мен муну түшүнөм, керек болсо өзүм да ушундай китеп жазам" дечү экен.
Кийин билим алуу үчүн шаарга да эрте эле келет. Алыкул Осмонов, Гапар Айтиев болуп бир жатаканада турушкан. Бул туурасында "Маркумдар үнү" чыгармасында Көчкөн Сактанов жакшы сүрөттөп берген.
Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбековдун балалыгы Ысык-Көлдөгү Кең-Суу айылында өткөн
— Апаңыз менен кандайча баш кошуптур?
— Экөө таанышкан мезгилди да так айтып бере албайт экенмин. Энем Асылгүл ак сөөк, Байтиктин тукумунан болот. Кеңеш өкмөтү келгенде апамдын ата-энеси балдарын сактап калуу үчүн ар кимдин үйүнө бөлүп беришиптир. Ошентип ата-энем 17 жашында баш кошушкан. Экөө кайдан таанышканын деле билбейм, бирок эң сонун жуп боло алышты. Үйгө дайыма киши көп келгендиктен апамдын дасторкону жыйылчу эмес. Азыркыдай телефон чалып, барсам болобу же бүгүн бошсузбу демей жок. Мейман каалаган учурда келчү. Пейил башка эле. Келип ээн-эркин бакылдашып отуруп кетишчү.
— Түгөлбай атанын чыгармачылыктан тыш кызыккан, алектенген нерсеси болгонбу?
— Атам жазуучу болбосо бизнесмен болмок деп ойлойм. Ишкерликке шыгы бар экендиги Василий Коровиндин колунда жүргөндө эле билинген экен. Ошондо эле бал челек кармаганды өздөштүрүп, бир катар иштерге көзү жеткен тетиктигин далилдептир. Кийин үйдө деле кара жумуштан каччу эмес. Колу бошой калганда бактарды бутап, жер казып, көп жумуштарды кылар эле. Огороддо бир ишти жалгыз жасап жатсам, агаларыма караганда атам жардамдаша койчу.
Сабырбек Сыдыкбеков: атамдын бир кездерде "турмуш деле болбой калды, баарынан тажадым" деп кыйналганда Анна Каренинадай темир жолду көздөй бет алган учуру да болуптур. Бир топ оор күндөр башынан өткөн. Алыкул Осмонов деле кургак учуктан каза болду да. Атам экөө абдан ынак дос болчу
— Кандайча жазуучу болуп калган?
— Менин колумда атамдын "Мен 1000 жыл жашадым" деген китеби турат. Китеп көркөмдүк жактан жакшы жазылгандыгын айтып, минтип атаган себебин сурагам. Ал киши: "Кыргыздын байыркы көчмөн турмушун, кийин Үркүндү, согушту, кеңеш өкмөтүнүн орношун, космоско учкан мезгилди жана жаңы заманды көрдүм. Мен миң жыл жашагандай эле өмүр сүрдүм", — деп айткан. Ал киши элибиздин жайлоодогу турмушу, оттогон жылкылар, желеде байланган кулундар көз алдынан кетпесин айтчу. Ошол китепте өзү тууралуу да жазылган. Атам кичинесинен эле улуу жазуучулардын китебин көп окуп, кийин ооруп калганы да жазуучу болуп калышына себепчи болсо керек. Алгач Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунда окуп жатканда кургак учук менен ооруп калып, Фрунзеге келип редакцияда иштеп калган эмеспи.
Бир кездерде "турмуш деле болбой калды, баарынан тажадым" деп кыйналганда Анна Каренинадай темир жолду көздөй бет алган учуру да болуптур. Бир топ оор күндөр башынан өткөн. Алыкул Осмонов деле кургак учуктан каза болду да. Атам экөө абдан ынак дос болчу.
— Чыгармаларынын аркасында бир катар бут тосууларга атаңыз да кабылса керек?
Бообек Ибраевдин уулу Марат Ибраев: ата-энем мен үчүн көпкө урушуп жүргөн экен
— "Көк Асаба" VI-VIII кылымдардагы "көк түрк" доорундагы енисейлик кыргыздардын турмушун көркөм сүрөттөп берген чыгарма. Кыргыз тарыхы жазылган китепти атам 1970-жылдары, ошол убактагы оор кырдаалга, бут тосууларга карабай жазып, чыгарган. Алгач журналга чыгармадан акырын үзүндү чыгарса, ал дароо коомчулукта талкуу жараткан. Ал кезде тарыхты жазууга тыюу салынган эле да.
Бир жолу атам жыйындан маанайы жок, капаланып келди. Себебин сурасам "эч нерсе билбеген немелер мага тарыхты үйрөтүп жатат" деген. Ушул романы үчүн бир нече айга созулган дискуссиялар болду. Ал кезде билимдүү интеллигенттер деле кыргыздын тарыхын билчү эмес.
Ошондой талкууларда "Түгөлбай, сен "кыргыздар Енисейден көчүп келген" деп айтып жатасың. Ал кезде учак же темир жол жок болсо, кантип көчөт?" деп сурагандар да болгон. Аны уккан атамдын оозу ачылып, таң калып келчү.
Залкар инсан Түгөлбай Сыдыкбеков: "Кыргыздын байыркы көчмөн турмушун, кийин Үркүндү, согушту, кеңеш өкмөтүнүн орношун, космоско учкан мезгилди жана жаңы заманды көрдүм. Мен миң жыл жашагандай эле өмүр сүрдүм", — деп айткан "Мен 1000 жыл жашадым" китеби тууралуу
— Жазуучунун балдары тууралуу айтсаңыз?
— Биз төрт бир тууганбыз. Үч уул жана бир карындашыбыз бар болчу. Уулдардын эң кичүүсү менмин. Азыр 74 жаштамын. Эң кичүү карындашым Динара 2006-жылы оорудан улам көз жумду. Өзүнүн кесиби психолог эле. Аскар байкемдин өлүмү да трагедиялуу болду. Ал техника жаатында инженер болуп эмгектенчү. Ал эми кесиби сүрөтчү Арстан байкем да көлдөн сууга чөгүп кетип, өтүп кетти. Азыр жалгыз калдым.
Динара карындашым окумуштуу, философ жана психолог Арон Брудныйга турмушка чыккан. Атам кезегинде "менин күйөө балам уникалдуу адам" деп калар эле. Чын эле укмуш киши болчу. Ал да каза болуп калды, аттиң...
— Арты кайырлуу болсун... Түгөлбай Сыдыкбековдун чыныгы шакирттери ким болгон?
— Убагында үйгө бир топ жазуучулар келчү. Көбүнүн көзү өтүп кетти, теңи аксакал болуп калышты. Ортодогу түшүнбөстүктөр менен ар кандай окуялардан улам тарыхта жазуучулардын да бөлүнгөн учурлары кездешет.
Атам менен жазуучулар Кеңеш Жусупов, Мар Байжиев, Бексултан Жакиев жана Салижан Жигитов жакшы катышчу. Жазуучу Көчкөн Сактанов менен акын Анатай Өмүрканов да атам менен жакшы мамиледе эле. Айтматов да жаш кезинде атама келип кол жазмаларын көргөзгөн учурлары болгон. Атам да аны колдогон. Бирок кийин "Биринчи мугалим" фильми тартылганда атам режиссёр Александр Кончаловскийге абдан нааразы болду. "Кыргыздарды өтө эле жапайы көрсөтүп коюптур. Тасмага бизде жок айрым каада-салттарды киргизип салган" деп жаман көрдү. Фильмдеги айрым кадрларга, мисалы, эки адам сүйлөшүп жатса бирөө сууга заара ушатканына ачуусу келип, "кыргыздарда эч качан мындай болгон эмес" деп калчу. Анткени атам кыргыздын нарк-насилин мыкты билген адам эле. Ал эми Айтматов ал кезде алгачкы фильми тартылгандыктан бул жагын байкабай калганбы, анысын билбейм. Кыскасы, атам ушул жагына катуу каршы турду. Анан кинонун билермандары атама "сиз эмнеге анчалык ачууландыңыз. Бул фильм дүйнөлүк сынактарда сыйлыктарга татып, кыргызды таанытат, көрөсүз" дешти эле атам "минтип таанылуунун кереги жок" деген. Ошондон Чыңгыз Төрөкулович экөөнүн мамилеси бир аз сууй түштү. Бирок кийин Айтматов бир нече ирет үйгө келип, үйдө экөөнүн баарлашып отурганына күбө болгом.
Айтматов тууралуу атабыз "Мага көп эле жаш жазуучу келчү. Аларга акыл-насаатымды айтсам, башын ийкеп эле отура беришчү. Бирок Айтматов менен сүйлөшүп отурганда "мындай кылсачы, андай кылса кандай болот" деп мага кайра суроо узатчу. Ошондо идиректүү жигит экенин байкагам" деп айткан.
— Атаңыз үйдө чыгарма жазууга кайсы убакта киришип, кандай шартта жазар эле?
— Атамдын кабинети 2-кабаттагы китепканасынын жанында болчу. Эртең менен эрте туруп, ары-бери бир аз басып, анан жумушка киришчү. Ал кезде компьютер жок, үйдө атайын жазган машинка болор эле. Биз уктап жатсак, күнүнө машинканын тарсылдаганы угулуп турчу. Ошентип түшкө чейин жазып, анан анысын өз алдынча окуп чыкчу.
Аскар байкемдин кызы бир ирет: "Анда үйдө чоң атам экөөбүздөн бөлөк эч ким жок болчу. Анан эле чоң атамдын кабинетинде бакылдашкан эле үндөр чыгып калды. Барып акырын карасам, атам креслодо отуруп алып, өзү менен өзү сүйлөшүп жатыптыр", — дейт.  Чынында ал киши чыгармасындагы диалогдорду ушинтип текшерчү.
— Балдарына көңүл бурууга убактысы жетчү беле?
Казат Акматовдун уулу Азим: атама апам менен жарашпай койгондо катуу таарынгам
— Ооба, бурчу. Бирок чынын айтканда дайыма эмес. Мурда кыргыз мектептер жетишсиз болчу да. Бул маселени атам бир нече ирет көтөргөн. Бизге да "ай, силер орус мектепте окуп жатасыңар. Кыргызча үйрөнгүлө, кийин ит болосуңар" дечү. Биз "макул" деп коюп эле, нары барып орусча сүйлөшүп кете берчүбүз. Бирок кийин эне тилибизди жакшы билбегендиктен чын эле уят болгон учурлар болду. Арстан байкемдин жубайы орус. Балдары да кыргызча түшүнгөн менен сүйлөй албайт.
Атам айылда өскөндүктөн кыргыздын салт-санаасын жакшы билчү. Алы-күчү бар кезде бизге да көп нерсе үйрөтчү. Үйдөгү эркек балдар карындашыбыз бир аз эрке болгондуктан урушуп койчубуз. Анан атам "ай, антпегиле. Кыз кишинин тагдыры башка болот. Бул конок, сыйлагыла" деп айтчу. Ушундай майда-барат нерседен өйдө үйрөтүп, салтты түшүндүргөнгө аракет жасачу.
— Ар бир адамдын көздөгөн тилеги бар эмеспи. Улуу жазуучу эмнени жасоого жетишпей калды?
— Атамдын эки кол жазмасы китеп болуп чыкпай калган. Анан да романдары жазылып акырына чыкпай турат. Ал киши өмүрүнүн аягында Паркинсон дарты менен ооруп калбадыбы. Ошол себептен иштөөгө мүмкүн болгон жок. Азыр чыгармаларынын томдугун чыгарсак жана үй музейин уюштурсак деп жатабыз. Өзү жашап кеткен үйүн музей кылуу ниетибиз бар.