Үч шаарда канча шайлоочу добуш берди. Саат 14:00гө карата маалымат

Шайлоонун жүрүшүндө Ош шаарынын тургундары активдүүлүгүн көрсөтүүдө, ал эми бишкектиктердин катышуусу солгун.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Үч шаардык кеңештердин депутаттарын кайра шайлоодо саат 14:00гө карата добуш берүүлөрдүн саны 105 362 же 17.06 пайызды түздү. Бул тууралуу БШКнын онлайн маалыматында көрсөтүлгөн.
Ага ылайык, Ош шаарынын тургундары активдүүлүгүн көрсөтүүдө, ал эми бишкектиктердин катышуусу солгун.
Шаарлар боюнча:
Бишкекте 18, Ошто сегиз жана Токмокто алты партия шаардык кеңештин депутаты ордуна ат салышып жатат.