Шаардык кеңешке шайлоо: саат 12.00гө карата маалымат

Бишкекте 18 партия, Ошто 8 жана Токмокто алты партия шаардык кеңештеги депутаттык орундар үчүн ат салышып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын жергиликтүү кеңештерине кайрадан өтүп жаткан шайлоодо саат 12:00гө чейин 77 026 киши добуш берди. Бул тууралуу Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия билдирди.
БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров 11-апрелде жыйынтыгы жокко чыккан шаардык кеңештерди шайлоого салыштырмалуу бүгүн шайлоочулар көбүрөөк катышып жатканын айтты.
Шайлоочулардын жалпы катышуусу 12,47 пайызды түздү:
Бишкекте 18 партия, Ошто 8 жана Токмокто алты партия шаардык кеңештин депутаты ордуна ат салышып жатат.
Саат 10:00гө карата көрсөткүч 5,75 пайызды түзгөн болчу.