Оштун эли ысыктан "качып" барат. Мээ сергиткен Сары-Ой жайлоосунан сүрөттөр

Жайлоо Ош шаарынан 75 чакырым алыста жайгашкан. Май айынын экинчи жарымынан тарта туристтерге эшигин ачат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Алай районундагы Сары-Ой жайлоосу аптаптуу ысык маалында Ош облусунда ички туризмдин очогуна айланды.
1 / 5
Алай районундагы Сары-Ой жайлоосу аптаптуу ысык маалында Ош облусунда ички туризмдин очогуна айланды
2 / 5
Бул эс алуу жайына келгендер шаркырап аккан сууну карап мээ сергитип, арчалуу тоолорго чыгып, ак мөңгүлүү зоолорду жакындан көрө алышат. Sputnik Кыргызстан Сары-Ой жайлоосунан сүрөт баян сунуштайт
3 / 5
Жайлоо Ош шаарынан 75 чакырым алыста жайгашкан. Май айынын экинчи жарымынан тарта туристтерге эшигин ачат
4 / 5
Бул жерге Оштун тургундары эле эмес, чет өлкөлүк туристтер дагы келип жатат. Аларга боз үйдө эс алып, кымыз ичип көчмөн элдин жашоосун көрүп кетүүгө шарт түзүлөт
5 / 5
Быйыл аба ырайы адаттан тыш ысык болуп жаткандыктан Сары-Ойго агылган элдин саны арбын
Бул эс алуу жайына келгендер шаркырап аккан сууну карап мээ сергитип, арчалуу тоолорго чыгып, ак мөңгүлүү зоолорду жакындан көрө алышат. Sputnik Кыргызстан Сары-Ой жайлоосунан сүрөт баян сунуштайт.
Жайлоо Ош шаарынан 75 чакырым алыста жайгашкан. Май айынын экинчи жарымынан тарта туристтерге эшигин ачат. Бул жерге Оштун тургундары эле эмес, чет өлкөлүк туристтер дагы келип жатат. Аларга боз үйдө эс алып, кымыз ичип көчмөн элдин жашоосун көрүп кетүүгө шарт түзүлөт.
Быйыл аба ырайы адаттан тыш ысык болуп жаткандыктан Сары-Ойго агылган элдин саны арбын.