БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 373-чакырымында болгон жол кырсыгы эки адамдын өмүрүн алды. Дагы алты адам жаракат алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кырсык кан жолдун Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарындагы Капчыгай тилкесинде катталган. Анда Honda Odyssey унаасы менен Toyota Estima кагылышкан.
Кырсыктын кесепетинен эки адам каза болуп, алты адам жабыркаган. Жерине Кара-Көл шаардык №94 өрт куткаруу бөлүгүнөн төрт куткаруучу тартылган.
"Куткаруучулар каза болгондорду унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар Кара-Көл шаардык ооруканага жеткирилген. Абалдары оор", — деп айтылат маалыматта.
Кырсыктын келип чыгышы, анын себеби такталууда.