Бишкектеги шайлоодо мыйзам бузгандарды кабарлагыла! Телефон номерлер

Мэрия өзүнүн аймагындагы төрт районду жана Борбордук шайлоо комиссиясын кошкондо, баш-аягы 12 телефон номерди элге жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңештин 11-июлдагы шайлоосуна акимчиликтердин, жергиликтүү аймактык башкармалыктардын кызматкерлери, жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери киришкенин көргөндөр дароо кабарлагыла. Мындай кайрылууну Бишкек мэриясы таратты.
Муниципалитеттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, дооматтар саат 9:00дөн саат 18:00гө чейин кабыл алынат.
Мыйзам бузууларды кабарлай турган телефондордун номерлери:
Эске салсак, 11-июлда Кыргызстан боюнча Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттары шайланат. Жаздагы, 11-апрелдеги добуш берүү жапырт мыйзамсыз иштер менен коштолгондуктан анын жыйынтыгы жокко чыгарылган. Мындан соң президент Садыр Жапаров кайра шайлоону дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон.