Түркиялыктарга КР жарандыгын мыйзамсыз берген деп шектелген жетекчи кармалды

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында колго түшүрүлгөн шектүү Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Түркиялыктарга мыйзамсыз кыргыз жарандыгын берип жүргөн деген айып менен Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурдагы жетекчиси С.Д. кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында колго түшүрүлгөн шектүү Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызматкерлер аныкталып жатат.