COVID: 1 295 кишиге вирус жугуп, тогуз бейтап каза тапты

Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 139 648ге жетти. Анын ичинен 118 008 адам дартты жеңген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кечээтен бери 1 295 бейтаптан коронавирус табылып, 758 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ооруну жуктургандардын саны боюнча Бишкек калаасы мурдагыдай эле биринчи орунда.
Жуктургандар:
Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 139 648ге жетти. Анын ичинен 118 008 адам дартты жеңген.
Айыккандар:
Акыркы 24 саат ичинде вирустан тогуз адам көз жумду. Анын сегизи Бишкек шаарында, бири Ош шаарында дарыланып жаткан эле. Ушуну менен COVID-19дан каза болгондордун саны жалпысынан 2 102ге жетти.
Ушул тапта ооруканаларда 4 636 киши, үйүндө 13 741 бейтап дарыланууда.