БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек — Торугарт жолунун 128-чакырымында, Боом капчыгайынын аймагында балдарды ташып келе жаткан автобустар жол кырсыгына кабылды. Маалыматты Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктады.
Билдирмеге караганда, автоинспекторлор Ысык-Көлдөгү лагерден беш автобус менен кайткан балдарды коштоп келе жаткан.
"Боом капчыгайына жеткенде бир жеңил унаанын айдоочусу руль башкара албай жолдун ортосуна туруп калган. Алдыда келе жаткан автоинспекторлор аны көрүп токтогон. Артындагы эки автобус токтоп, үчүнчүсү алаксып кеткенби, айтор, токтобой келип алдыдагыларын сүзгөн. Натыйжада үч автобус жана Honda Fit, Odyssey унаалары кагышкан", — деп айтылат маалыматта.
Облустук ЖКККБнын билдиришинче, кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы жүргүнчү аял жана төрт-беш бала ооруканага жеткирилген. Алардын абалы туруктуу экени айтылат.