Бишкек шаардык кеңешке 6 партия өттү. Алдын ала жыйынтык

Бишкек шаардык кеңешинде 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн 18 партия ат салышты. Жети пайыздык босогодон өткөндөр жеңүүчү аталат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кайра шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаардык кеңешке алты партия өттү.
Автоматтык эсептөөчү урнадан онлайн түрүндө түшүп жаткан маалыматка ылайык, төмөнкү партиялар алдыда бара жатат:
Саат 20:00дө шайлоо тилкелери жабылды. Учурда АСУлардын 58 пайызы эсептелип бүттү.
Бишкек шаардык кеңешинде 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн 18 партия ат салышты. Добуштардын 7 пайызына ээ болгон партия жеңүүчү деп таанылат.