Күн дагы ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

Жума ичинде айрым аймактарда жамгыр жааса, кээ биринде күн ачык болот. Абанын температурасы өтүп бараткан аптага салыштырмалуу 2-3 градуска төмөндөшү ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, айрым аймактарда жамгыр жааса, кээ биринде күн ачык болот. Абанын температурасы өтүп бараткан аптага салыштырмалуу 2-3 градуска төмөндөшү ыктымал.
Бишкек шаары
Ордо калаада 12-14-июлга чейин күн күркүрөп, өткүн өтүшү ыктымал. Калган күндөрү жамгыр жаабайт.
Чүй облусу
Чүй облусунда 15-июлга чейин өткүн өтүп, жаан жаашы мүмкүн. 16-июлдан тарта күн ачылып, абанын температурасы жогорулашы күтүлүүдө.
Талас облусу
Таласта 13-июлда күндүз жана 14-июлда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Башка күндөрү жаан жаабайт, күн ачык болот деп божомолдонууда.
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары
Бул аймактардын көпчүлүк жеринде 11-12-13-14-июлда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Андан кийин 15-17-июлга чейин жамгыр жаабай, күн ачылып, абанын температурасы жогорулашы мүмкүн.
Ысык-Көл облусу
Ысык-Көлдө апта ичи жаанчыл болушу мүмкүн деп божомолдонду. Аптанын дээрлик бардык күнү аймакта күн күркүрөп, өткүн өтүшү ыктымал.
Нарын облусу
Нарында 11-14-июнга чейин жаан жааса, андан кийин күн ачылары божомолдонду.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-15-июлда 14 метрге жетиши мүмкүн.