"Ала-Тоо" аянтынын жанында коронавируска каршы эмдөө пункту ачылды

Бүгүн Кытайдан 1 миллион 250 миң доза Sinopharm препараты алып келинди. Ал 635 миң адамга колдонулат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтынын жанында коронавируска каршы эмдөө пункту ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Пункт Курманжан датканын эстелигинин алдында жайгашкан. Вакцина алууну каалаган жарандар бүгүн саат 17:00дөн тарта барып медиктерге кайрылса болот. Ал жарандын жанында паспорту болушу керек.
1 / 3
Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтынын жанында коронавируска каршы эмдөө пункту ачылды
2 / 3
Пункт Курманжан датканын эстелигинин алдында жайгашкан. Вакцина алууну каалаган жарандар бүгүн саат 17:00дөн тарта барып медиктерге кайрылса болот
3 / 3
Ал жарандын жанында паспорту болушу керек
Мэрия коронавирустун жайылышына бөгөт коюунун эң эле натыйжалуу ыкмасы вакцина алуу экенин эскерет.
Белгилей кетсек, бүгүн, 11-июлда, Кытайдан 1 миллион 250 миң доза Sinopharm препараты алып келинди.