Ысык-Атада көлмөгө 16 жана 18 жаштагы кыздар чөгүп кетти. Сүрөт

Суудан кыздардын биринин сөөгү саат 19:30да, экинчисиники 21:10до табылган. Куткаруучулар маркумдарды милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда кечээ эки кыз сууга чөгүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 
Кечээ кечке жуук 102 кызматына Эпкин айылында жайгашкан көлмөгө 16 жана 18 жаштагы кыздар чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
1 / 2
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда кечээ эки кыз сууга чөгүп кеткен
2 / 2
Кечээ кечке жуук 102 кызматына Эпкин айылында жайгашкан көлмөгө 16 жана 18 жаштагы кыздар чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Кечки саат жетилерде издөө иштерин жүргүзүү үчүн үч куткаруучу барган. Суудан кыздардын биринин сөөгү саат 19:30да, ал эми экинчисиники саат 21:10до табылган.
Куткаруучулар маркумдарды милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.