WhatsApp сүрөт менен видеону сапаттуу жөнөткөнгө мүмкүнчүлүк түзөт

Мессенжер көчүрүлгөн сүрөттөр смартфондун эс тутумун көп ээлебеш үчүн жана трафикти аз чыгымдоо максатында кадрларды кичирейтип салат, бул анын сапатын бузары маалым.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. WhatsApp мессенджери колдонуучуларына сүрөт менен видеону кичирейтпей жөнөткөнгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Wabetainfo порталына таянып РИА Новости жазды.
Өзбекстан TikTok баштаган социалдык тармактардын ишине чектөө койду
Колдонуучу роликтерди кетирер алдында үч вариантты тандай алат. Автоматтык түрдө дегенди басканда тиркеме жөнөтүүнүн алгоритмин өзү аныктайт, андан кийинки вариантта да сапаттуу кетирсе болот, ал эми интернети чектелүүлөр үнөмдүү жол менен жөнөтөт.
Бул кызмат убакыттын өтүшү менен бардыгына жетери, азыр айрымдар гана колдонуп жатканы кошумчаланды.