Вакцина алган соң кыздардын төшү чоңоюшу мүмкүн. Дарыгердин түшүндүрмөсү

Норвегиялык кыз COVID-19га каршы эмделгенден кийин көкүрөгү чоңоюп кеткенин социалдык тармакка жазган. Башка кыз-келиндер да ушундай көрүнүшкө туш болгонун айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Норвегиянын жашоочусу коронавируска каршы вакцина сайдыргандан кийин эмнегедир төшү чоңоюп кеткенин жазган. Бул туурасында NRK басылмасы кабарлады. 
17 жаштагы Эмманын айтымында, эмделгенден кийин организминдеги өзгөрүүлөр кадимкидей байкалган.
"Бул мен үчүн, мындайча айтканда, кризис эле болду. Бир размерге чоңураак төш кап сатып алганга туура келди", — деп билдирген ал кыз.
Эмма аны TikTok тармагындагы аккаунтуна да чыгарган. Ал эми комментарий калтыргандардын арасында мындай көрүнүшкө кабылгандар да болгон.
Дарыгер Генрих Бакманндын айтымында, бул вакцинадан кийин боло турган кадимки эле процесс. Адис эмделген аялдардын болжол менен 10 пайызында колтук жагындагы лимфа түйүндөрү убактылуу чоңоёт. Андан улам эмчек "бир аз алдыга чыгып калат" да, көлөмү өзгөрүп кеткендей сезиле берет.