Шаардык милициянын эртеңки шайлоого даярдыгы. Сүрөт

Кыргызстандын аймагы боюнча шаардык кеңештердин шайлоосу, эртең, 11-июлда, үч ири калаада өтмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн милициянын шаардык түзүмү атайын даярдыктан өттү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн милициянын шаардык түзүмү атайын даярдыктан өттү.
2 / 3
Эске салсак, жергиликтүү кеңешке шайлоо эртең, 11-июлда, өтөт.
3 / 3
ШИИБ шаардыктарды шайлоо участкаларында добуш берүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарып, бет кап тагынып, аралыкты сактоого чакырды.
Эске салсак, жергиликтүү кеңешке шайлоо эртең, 11-июлда, өтөт.
"Бишкекте шайлоо учурунда коомдук тартипти камсыз кылууга 1 200 милиция тартылат", — деп айтылат маалыматта.
ШИИБ шаардыктарды шайлоо участкаларында добуш берүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарып, бет кап тагынып, аралыкты сактоого чакырды.