СOVID жуктургандарды дарылаган ооруканаларда 306 бош орун бар

Министрлик бейтаптарды дарылоо үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борбору менен Фтизиатрия борборунда кошумча орундар даярдалганын кабарлады.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкектеги жана шаар четиндеги 15 стационарда коронавирус менен ооругандар үчүн 306 орун бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка таянсак, коронавирусту дарылоо үчүн ордо калаада жана Чүй облусунун шаарга жакын аймактарында 19 оорукана даярдалган. 10-июль саат 8:00гө карата алынган маалымат боюнча, анын 15инде бош орун бар.
Белгилей кетсек, өткөн суткада 1 295 кишиден коронавирус табылып, 10 бейтап көз жумду.