Бир суткада коронавирус дагы 10 адамдын өмүрүн алды. Көбү Бишкекте катталды

Өлүм учурларынын көбү ордо калаада катталган. Учурда ооруканада дарыланып жаткандардын ичинен 198 бейтаптын абалы өтө оор деп айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 10 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Өлүм учурларынын көбү ордо калаада катталган.
Учурда ооруканаларда 4 585 бейтап дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 1 310 бейтаптын абалы оор болсо, 198 кишиники өтө оор деп бааланды. Азыркы тапта 13 282 киши амбулатордук шартта дарыланып жатканы кошумчаланды.