Саркеч кийинип, көз жоосун алган жылдыздар. Канн кинофестивалынан 14 сүрөт

Sputnik

2021-жылы маданий иш-чара Франциянын көгүлтүр жээгинде болду. 74-жолу уюштурулуп жаткан Канн кинофестивалы 6-июлда башталган, 17сине чейин созулмакчы.

Sputnik даярдаган сүрөт түрмөктөн кызыл килемге чогулган мыкты актёр, актриса жана режиссёрлорду көрүңүз.

1 / 14
Францияга бир нече күн мурда атактуулар учуп келе баштаган. Маанилүү иш-чара үчүн көз жоосун алган кийимдерди кийишкен
2 / 14
Актриса жана ырчы Соко чоң-чоң жалтырактар менен тигилген Gucci үй модасынын кийими менен чыкты
3 / 14
Модель Белла Хадидтин ак-кара болгон узун көйнөгү мактоого арзыды
4 / 14
Түштүк африкалык модель Кэндис Свейнпол кызыл килемде саргылтым комбинезон менен басты
5 / 14
Канн кинофестивалынын ачылышынын көркүн ачкан алжирдик ырчы жана актриса Камелия Жордана
6 / 14
Мырзалардын ичинен актёр жана режиссёр Николя Мори өзүнүн кооз костюму менен көңүл бурдурду
7 / 14
Актриса Жессика Честейн кызыл килемде жөнөкөй кара көйнөк менен басты
8 / 14
Кино жылдызы Эльза Зильберштейн алтын түстүү тоголоктору бар, жупжука кара көйнөк тандаган
9 / 14
Немис актрисасы Ирис Бербен "Бирге күчтүүбүз" деген жазуусу бар көйнөк менен келди
10 / 14
Канн фестивалында Лена Ленина жаңы образын россиялык космонавттарга арнап, "Антигравитация" деп атады
11 / 14
Франциянын мурдагы президентинин жубайы жана музыкант Карл Бруни-Саркози дагы көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп, легендарлуу Celine мода үйүнүн көгүш көйнөгүн кийип келген
12 / 14
Режиссёр Педро Альмодовар сүрөткө түшүүдө
13 / 14
Кинодогу жетишкендиктери үчүн "Пальманын алтын бутагы" наамын алган Жоди Фостер салтанат үчүн ак көйнөктү тандаган
14 / 14
Быйылкы сынактын башкы калыстар тобун режиссёр Спайк Ли жетектеп, мүчөлөрү Мэгги Жилленхол, Милен Фармер, Мати Диоп, Жессика Хаузнер, Мелани Лоран, Клебер Мендонса Фильо, Сон Кан Хо жана Тахар Рахим болгон. Сүрөттө калыстар тобу