Өлкөдө вакцина алганы тууралуу сертификат электрондук түрдө бериле баштады

Сертификатты Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы аркылуу Кыргызстандын жана чет өлкөнүн жарандары ала алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги вакцинациядан өткөнү тууралуу маалым катты электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн билдирди.
"Түндүк" электрондук порталы Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте COVID-19га каршы вакцина алганы тууралуу электрондук сертификат берүү сервисин иштеп чыккан.
Сертификатты Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу Кыргызстандын жана чет өлкөнүн жарандары ала алышат.
Сертификат алуунун инструкциясы:
Ошондой эле жакында "Вакцинациялангандардын реестри" иштелип чыгары кошумчаланды. Анын негизинде жарандар медициналык мекемелерге кагаз түрүндөгү сертификатты ала алышат. Бул мамлекеттик портал аркылуу электрондук сертификат алууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн иштелип чыккан.