"Чөгүп кеткен шаар" бар. Дубайдагы эң терең бассейндин видеосу

Суу ичинде узакка дем ала турчу каражаттарды кийген кардарлар бассейнден "чөгүп кеткен шаардагы" кадимки кишилер жашаган жерлерди көрө алышат.
Sputnik
Дубайда дайвинг үчүн дүйнөдөгү эң терең бассейнди ачышты. Анын тереңдиги 60,02 метрди түзөт.
The National News басылмасынын жазганына караганда, 14 миллион литр сууну батыра алган бул бассейн Гиннестин рекорддор китебине кирди. 
Анда суу ичинде узакка дем ала турчу каражаттарды кийген кардарлар бассейнден "чөгүп кеткен шаардагы" кадимки кишилер жашаган сыяктуу жерлерди көрө алышат. Пейзаж, батир, автоунаа токтотуучу жайлар жана башка оокат кечелер бар.