БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Ордо калаада өзгөчө композициядагы гүлдөрдүн клумбалары пайда болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлап, сүрөттөрүн жарыялады.
"Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери бир жылдык гүлдөрдү отургузуп бүткөнүн кабарлашты. Анда гүлдөрдүн сальвия, петуния, георгина, тагетес, агератум, цинерария, циния жана башка түрлөрү тигилген.
Клумбалардын эскиздерин ишкананын дизайнерлери түзгөн. Аларды сугаруу үчүн суу Бишкек бетон заводунан алынып турат.