"Биз кескин начарлап бараткан Афганистандагы абалга тыкыр көз салып турабыз", — деп билдирди РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Россиянын ТИМ башчысы РФ президенти Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн лидерлери менен байланышта экенин белгиледи. Чындап эле соңку күндөрү Владимир Путин аталган аймактагы беш мамлекет башчысынын төртөө менен сүйлөштү.
Өткөн аптада Түркмөнстандын президентине телефон чалды, андан соң Казакстандын элбашы Нурсултан Назарбаев менен жолукту, ал эми ушул дүйшөмбүдө Тажикстан жана Өзбекстандын лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөштү. Ал эми Кыргызстандын президенти май айынын аягында Москвага келип кеткен. Талкууланган темалардын бири – күн өткөн сайын курчуп бараткан Афганистандагы жагдай.
Борбор Азиянын беш республикасынын үчөө Афганистан менен чектеш гана болбостон, согуш жүрүп жаткан өлкөдө ошол эле тажик, өзбек жана түркмөндөр жашайт. Акыркы күндөрү эле талибдердин кысымы менен миңдеген афган чек арачы Тажикстанга чегинип, жүздөгөн аскер Өзбекстанда баш пааналаган.
Эгер алар өлкөнүн көп бөлүгүн көзөмөлгө алып, Кабулдагы бийликке жетишсе, түштүктөгү постсоветтик чек аралардын коопсуздугу аталган мамлекеттердин гана эмес, Россиянын да көйгөйүнө айланат. Дал ушул себептен азыр Путин борбор азиялык лидерлер менен чек араларды чыңдоодон россиялык куралдар менен камсыздоого чейинки коопсуздук маселелерин талкуулоодо.
Чөлкөмдөгү беш өлкөнүн үчөө, атап айтканда, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан ЖККУнун курамында, башкача айтканда, Россиянын аскердик союздаштары болуп саналат, бирок Афганистан менен Тажикстан гана чектешет.
Түркмөнстан түбөлүк бейтарап өлкө катары уюмга эч качан мүчө болгон эмес, ал эми Өзбекстан бир нече ирет өз мүчөлүгүн токтоткон (акыркы жолу 2012-жылы). Анткен менен бул жагдай Москва Душанбе менен Ашхабадга көмөк көрсөтпөйт дегенди туюндурбайт, зарылдыгы чыкса алар жардам сурап кайрылат. Кеп кандай коркунучтар күтүлөрүндө болуп турат.
Афган каатчылыгынын ушул таптагы баскычы кооптуулуктун бир нече түрүн жаратат.
Маселен, согуштук аракеттерди борбор азиялык республикалардын аймагына жайылтуу. Буга талибдердин агрессиясы эмес, алар тарабынан түндүк провинциялардан ар кандай куралдуу топтордун талкаланып же сүрүп чыгарылышынан улам ушундай көрүнүш болушу мүмкүн.
Негизинен бул провинцияларды тажик жана өзбектер байырлашат. Атүгүл алар өкмөттүк армиянын да, талибдердин да, анан да "Аль-Каида" , "Ислам мамлекети" уюмдарына ант берген отряддарда да бар. Афганистан аймагында Өзбекстан жана Тажикстандан качкан радикалдуу исламчылар, анын ичинде "Ислам мамлекетине" таандык топторго мүчө болгондору да аз эмес. Ал тургай өз мекендеринде жихад отун тутантууну самагандар да бар.
Талибдердин бийлиги кеңейген сайын түндүк провинцияларды көзөмөлдөгөн күчтөрдүн бийлиги басаңдап, радикалдуу топтор сүрүлө баштайт. Алар кайда качат? Албетте, чек аралар аркылуу Тажикстан жана Өзбекстанга карай бет алышат. Айрыкча, бул республикалардын бийлиги да мындай абалга жана чакырылбаган меймандардын келишине камылга көрүүдө. Бул – түшүнүктүү жана кантип күрөшүү керектиги анык коркунуч. Эң болбой калды дегенде Россия аларга кол сунат. Анткен менен анчалык айкын эмес кооптуулуктар да жок эмес. Аларга чөлкөмдөгү америкалыктардын мындан аркы маселеси да кирет.
Башында америкалыктар "Афганистан боюнча аралыктан аракет этүү үчүн" коңшу өлкөлөрдүн бирине чакан базаларды жайгаштырууну каалашкан. Өткөн жумада Вашингтондо ушул темаларда Тажикстан жана Өзбекстан ТИМ башчылары менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Азырынча расмий билдирүүлөр жасалбаганы менен Душанбе менен Ташкент америкалыктарды киргизүүгө макул болору дээрлик мүмкүн эмес.
Ошол эле Өзбекстанда да (Кыргызстандагыдай эле) америкалык аскерлерди жайгаштыруу тажрыйбасы болгон, бирок 2006-жылы республиканын бийлигинин жарлыгы менен кайра жыйыштырылган. Аларды кайрадан өлкөгө киргизүүгө эч кандай себеп жок. Анткен менен аргументтер толтура. Биринчиден, Тажикстан же Өзбекстандагы америкалык базалардын болушу талибдердин кыжырын кайнатмак, баары бир жакында алар афган бийлигин же анын маанилүү бир бөлүгүн ээлейт. Коңшуларды көкүтүүнүн кереги эмне? Экинчиден, америкалык базалар борбор азиялык өлкөлөр менен союздук алакалары бар Россия жана Кытайдын кескин нааразычылыгын жаратмак. Үчүнчүдөн, жергиликтүү калк да мындайга терс карайт, негизи эле базаны кабыл алган өлкөнүн көз карандысыздыгы артып кетпейт. Мында дагы олуттуу дагы бир деңгээлдеги кооптуулук – Вашингтондун америкалыктар менен кызматташкан афгандыктарды кабыл алуу өтүнүчү.
АКШ Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандан талибдердин өч алышынан чочулаган Афганистандын 9000 жаранын убактылуу кабыл алууну суранууда. Эмнеге америкалыктар дароо аларды өздөрү менен кошо чыгарып кетишпейт? Үлгүрбөй жатышканын айтымыш болгондору менен түк каалашпайт. Тогуз миң киши — потенциалдуу качкындардын бир бөлүгү гана. Атайын иммиграциялык визага афгандыктардан 18 миң арыз тапшырылган, ал эми жубайы, бала-чакасы менен 70 миңге чамалайт. Америкага алардын зарылдыгы барбы? Ошол себептен кийин виза беребиз деп убада кылып, азырынча аларды каржылоо менен Борбор Азияга жайгаштырууга тырышып жатышат.
Ошол эле Тажикстан Афганистандан качкындарды кабыл алат (эбак кабылдай да баштады), бирок кеп мында карапайым качкындарда эмес. Оккупациялык режимге иштөө үчүн даярдалган саясий кадрлар туурасында. Кабулдук жаңы бийликке бул жакпай турганы бышык.
Эң башкысы — борбор азиялык республикалардын өзүнө, айрыкча Өзбекстан үчүн ички тобокелдиктер бар. Өзбекстанды америкалыктар башынан бери Борбор Азияга карата ачкыч катары карашат.
Америкалык "кардарларды" өзүнө киргизүү менен Ташкент Өзбекстан үчүн эмес, АКШга кызмат кыла турган атайын даярдыктан өткөн, жакшы окутулган америкалык кызматкерлерге каалгасын ачат. Ошону менен бирге эле Ташкентке америкалык жана эл аралык бейөкмөт уюмдарга, мүмкүн болгон "демократиялык фонддорго" толот. Президент Шавкат Мирзиёев тарабынан беш жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан реформалар, "кайра жаралуу" жана ачыктык саясатын тандаган өлкө үчүн мындай нерсе кескин түрдө тобокелдүү болушу ыктымал.
Америкалык "досторду" 40 миллион элдин кызыкчылыгы дегеле түйшөлтпөйт. Эгер алар кырдаалды курчутууга мүмкүн болорун туюшса, бир саамга да буйдалышпайт. Себеби Россиядан айырмаланып аларды Борбор Азия менен эч нерсе байланыштырбайт, анын коопсуздугу жана жыргалчылыгы үчүн эч кандай жоопкерчилик сезишпейт. Афганистан буга айкын мисал эмеспи.
Ошенткен менен Россияга үмүт артуу гана жетиштүү эмес. Жакында эле Евразиялык экономикалык биримдикке байкоочу болгон Өзбекстан ЖККУга катышуусун калыптандырууга, башкача айтканда туура чечим кабылдоого тийиш.
Кандай жакшы ниет менен түшүндүрүлбөсүн, көп вектордуулук, союздан оолак болуу өңдүү оюндар үчүн азыр анча ылайыктуу кез эмес. 2014-жылга чейинки Украинанын мисалы дале көз алдыда турат. Виктор Янукович ал убакта Европа биримдигинде да, Евразиялык союзда да, Россия менен да, Батыш менен да бир болууга тырышпады беле.
Көп миллиарддаган америкалык инвестицияларды алууга үмүт артууга да болор. Бирок алардын негизгиси – бир нече миң "америкалык афган". Анан да өз алдынчалуулуктан ажыроо тобокелдиги...