Адис смартфондун көпчүлүк билбеген пайдалуу кызматтары тууралуу айтып берди

Эксперт бирөө телефонуңузду сурап, бирок жеке маалыматтарыңыз менен бөлүшүүнү каалабасаңыз "конок режимин" күйгүзүп коюуга кеңеш берди.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Күн сайын колдонгон смартфондун кээ бир кызматтары жашообузду жеңилдетерин билбейбиз. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине "Синергия" университетинин маалыматтык технологиялар факультетинин директору Станислав Косарев билдирди.
Адис колдонуучулар телефон номерлер жана тиркемелер үчүн шилтемелерди түзгөндү билишпейт деген.
"Маселен көп колдонгон номерлерди смартфондун иш столуна алып чыгып койсо чалганга оңой болот. Ушул сыяктуу керектүү нерселерди да маңдайга көрүнгүдөй кылып коюп алыңыздар", — деген Косарев.
Телефонду бирөөлөр тыңшап жатканын кантип билсе болот. Адистин кеңеши
Бир кол менен параметрлерди оңдоо кыйынчылык жаратса, ошондой эле тиркемелерди батыраак колдонуп жана менюларды экранга чыгаруу керек болсо смартфондогу анимациянын ишин тездетүүнү кошумчалаган.
Ошондой эле адис бирөө телефонуңузду сурап, бирок жеке маалыматтарыңыз менен бөлүшүүнү каалабасаңыз "конок режимин" күйгүзүп койсо болот. Анда маалыматтар жашыруун болуп калат.