Талибдер Афганистанды башка өлкөлөргө кол салуу үчүн колдонбоого убада берди

Талибдердин делегациясы Москвага келип, президенттин атайын өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. "Талибан" кыймылынын делегациясы менен Россия президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Азия боюнча экинчи департаментинин башчысы Замир Кабулов менен жолукту. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Анда кыймылдын өкүлдөрү Афганистанда туруктуу тынчтыкты орнотууга кызыкдар экенин билдиришкен.
"Жолугушууда Ислам эмирлигинин (талибдердин башкаруу системасынын өзүнө-өзү койгон аталышы — ред.) делегациясы афган жерлерин кимдир-бирөөгө каршы колдонбоо боюнча позициясын дагы бир ирет кайталады", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, алар коңшу өлкөлөр менен чек ара өтмөктөрү штаттык режимде иштей берерин белгилеген.
Союздаштар кол сунат: тажик-афган чек арасында ЖККУнун ыкчам тобу иштөөдө
Делегациянын Москвага болгон сапары эки күнгө созулат. Аны "Талибан" кыймылынын Катардагы саясий офисинин жетекчилеринин бири, афган жарандары менен байланышуу боюнча департаменттин башчысы Шахабуддин Делавар жетектеп келген.
Эске салсак, Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен талибдер согушуп жатат. Алар өлкөнүн көпчүлүк айыл аймактарын басып алып, ири шаарларга дагы чабуул коюуда. "Талибандын" согушкерлери АКШ өлкөдөн аскерлерин чыгарып кете баштаганда, тагыраагы, июнь айынын ортосунан тарта күч алган.
Айрым афган аскерлери Тажикстандын аймагына качып кирүүдө. Ал эми Тажикстан абалдын кооптуулугунан улам Жамааттык кызматташтык келишим уюмундагы союздаш өлкөлөрдөн жардам сураган.