Радио

Жумаков: температурасы 18 градустан төмөн болгон сууларга түшүүгө болбойт

ӨКМдин суучулдар кызматынын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу Замирбек Жумаков жайдын аптабында сууга түшүү эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертти.
Sputnik
Ушул жылдын алты айында республика боюнча 69 адам сууга чөккөн. Былтыр пандемияда жарандар үйдө отурганынан улам кырсык аз катталып, өткөн жылы 37 адам сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу Замирбек Жумаков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, агын суу, көлмө жана башка жерлерге сүзүүгө тыюу салынып, куткаруучулары бар, баллон менен камсыздалган бассейндерге гана түшүүгө уруксат берилет.
"Кырсык каш-кабактын ортосунда. Ошондуктан уруксат берилген жерлерге гана түшүп, суу ичинде күрөшүп же башка ушул сыяктуу кооптуу аракеттерди жасабаш керек. Ошондой эле сүзгөндү билбестен, спирт ичимдиктерин ичип алып сууга секирүүгө, сүзүүгө болбойт. Эң башкысы балдарды суунун жанында кароосуз калтырбоо зарыл. Мындан тышкары, тереңдик боюнча коюлган чектен өтүп сүзгөнгө болбойт. Суунун температурасы 18 градустан төмөн болгон жерге түшүүдөн дагы сактангыла. Себеби бут же кол булчуңдары карышып калуу коркунучу бар. Мындай абалга туш болгондор эң башкысы дүрбөлөңгө түшпөй, терең дем алып тырышкан жерди укалоо, мүмкүнчүлүк болсо учтуу нерсе менен сайып жибериши зарыл. Эч болбоду дегенде айгай салып жардамга чакыруу шарт", — деди Жумаков.
Ал жыл сайын жергиликтүү бийликке, сууда эс алууну уюштурган курорт, санаторий, пансионаттарга кат жолдонуп, жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча иштер жүргүзүлүп турарын кошумчалады.