COVID: Бишкектеги жана шаар четиндеги бош орун бар стационарлардын тизмеси

Дартты дарылоо үчүн ордо калаада жана Чүй облусунун шаарга жакын аймактарында 18 оорукана даярдалган. Учурда анын 12синде орун бар.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бишкектеги жана шаар четиндеги 12 стационарда коронавирус менен ооругандар үчүн 115 орун бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, дартты дарылоо үчүн ордо калаада жана Чүй облусунун шаарга жакын аймактарында 18 оорукана даярдалган. 9-июль саат 8:00гө карата алынган маалымат боюнча анын 12синде бош орун бар.
Өткөн суткада өлкөдө 1 319 адамдан коронавирус табылып, 10 бейтап каза болгон.