Жумушу жокторго 118 линиясы аркылуу бригада барбайбы? Министрликтин жообу

Буга чейин интернетте мобилдик бригада бейтап оор абалда болсо гана келе турганы, ошондой эле медиктерди чакыртууда дагы башка талаптар коюлганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бакыт Жангазиев 118 линиясы аркылуу мобилдик медициналык бригада кандай иштей турганын түшүндүрдү.
Кыргызстанда төрт күндө 6000ге чукул адам коронавируска каршы вакцина алды
Жангазиев түшүндүргөндөй, мобилдик топ оорунун жеңил жана орточо оор симптому бар жарандарга жөнөтүлөт. Башка учурларда бейтаптар атайын тез жардам унаалары менен ооруканага жаткырылышы керек.
"Камсыздандырылган адамдын жумушунун же полисинин жоктугу тууралуу айтылган сөз толук абсурд! Калкка туура эмес маалымат таратпоону суранам. Баарына ден соолук каалайм", — деп жазган министрдин орун басары Facebook баракчасына.
Буга чейин Бишкек мэриясы 118 номерине жалган, убара кылган маалыматтарды калтырбоону өтүнгөн.