Лавров Россия Афганистандын ишине кандай учурда киришерин айтты

Сергей Лавров Афганистандагы окуялар Россиянын союздашы болгон республикалардын аймагына өтүп кетиши тынчсыздандырарын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Россия азыркы абал Афганистандын ички аймагынан сыртка чыкпагандан кийин аталган өлкөнүн ишине кийлигишпейт. Мындай билдирүүнү Россия ТИМ жетекчиси Сергей Лавров жасагандыгын РИА Новости жазды.
"Талибдердин Иран, Тажикстан менен болгон чек араларды ээлеши Афганистандын аймагында болуп жатат. Азырынча афгандар сөз менен колдогон саясий процесс эртерээк башталышы керек деген чакырыктарыбызды кайталоодон башка эч кандай чара көрбөйбүз", — деген ал.
Министр Афганистандагы окуялар Россияны союздаш республикалардын аймагында "жагымсыз учурлар жаралып кетпейби" деген маселе боюнча тынчсыздандырарын айткан.
Ал, мындан сырткары, Москва Вашингтон менен талибдердин ортосундагы макулдашууну колдой турганын билдирген.
Максатыбыз бийлик эмес. Талибдер Афганистанда эмнени көздөп жатканын айтышты
Ушул тапта Афганистанда өкмөттүк армия менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп жатат. Согушкерлер айылдарды басып алып, эми ири шаарларга тап коюшууда. Кооптуу кырдаал Вашингтондун 11-сентябрга чейин бардык аскер күчүн чыгарып кетүү боюнча берген убадасынан кийин курчуй баштаган. "Талибандын" делегациясы менен Россия президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Азия боюнча экинчи департаментинин башчысы Замир Кабулов жолукту. Өздөрүн "Ислам эмирлиги" деп атаган бул тараптын өкүлдөрү Афганистанда туруктуу тынчтыкты орнотууга кызыкдар экенин билдиришкен. Андан сырткары, аталган өлкөнү башка мамлекеттерге кол салуу үчүн колдонбой тургандыктарын айтышкан. 
Аны менен катар эле Америка Кошмо Штаттары менен мамилени жаңы, таза барактан баштоого ниетин да айтышкан. Анткен менен "Талибандын" активдеше башташы дүйнө коомчулугун жана Афганистанга чектеш мамлекеттерди, ири саясий эл аралык уюмдарды түйшөлтө баштады.