Радио

Теңизбаев: Кыргызстанда финансылык сабаттуулук орто деңгээлде

Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн финансылык сабаттуулук секторунун жетекчиси Тынчтык Теңизбаев Кыргызстандагы финансылык сабаттуулуктун деңгээли жаман эмес экендигин айтты.
Sputnik
Финансылык сабаттуулук боюнча изилдөө Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун (OECD) методикасы менен адамдын финансылык билимине, жөндөмүнө жана мамилесине карап аныкталат. Мындай маалыматты Тынчтык Теңизбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, калктын финансылык сабаттуулугу боюнча эл аралык жакшы көрсөткүч 21 пайыз болсо, Кыргызстанда 12 пайызды түзөт.
"Финансылык сабаттуулук маселеси өзгөчө пандемия учурунда абдан актуалдуу болуп турат. Улуттук банк өлкөдөгү абалды 2012-жылдан бери көзөмөлдөп, көңул буруп келет. Мисалы, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун (OECD) изилдөөлөрүнүн натыйжасында өлкөдөгү финансылык сабаттуулук деңгээли аныкталып келет. Уюмдун методикасына таянып, изилдөө жүргүзгөндө адамдын финансылык билими, жөндөмү жана акчага жасаган мамилеси каралып, абалды байкоого болот. Евразия өлкөлөрүндө жана Кыргызстанда жогору эмес, бирок орточо көрсөткүчтө экенин айтсак болот. Андыктан бул багытты өркүндөтө турган импульс бар", — деди Теңизбаев.
Ошондой эле адис калктын финансылык сабаттуулугун жакшыртуу максытында 2017-2020-жылдар аралыгында өкмөттүн программасы түзүлүп, жаш курактарына байланыштуу окуу куралдары иштелип чыккандыгын кошумчалады.