Кыргызстан тажик тараптан кармап кеткен чек арачыны кайтарып берүүнү талап кылды

Ушул тапта эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү атышуу болгон жерге барып аталган фактыны териштирип жатышат. Сүйлөшүү уланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасынын Чашмагилдан ашуусунда болгон атышууда кыргызстандык чек арачыны Тажикстандын аскерлери кармап кеткен. Бул тууралуу УКМКга караган Чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлады.
"Өлкөнүн Баткен аймагы боюнча чек ара өкүлү, полковник Кыялбек Төлөнбаев тажик тараптан кармалган кыргыз аскер кызматкерин кайтарып берүүнү талап кылды", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу болду
Учурда эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү атышуу болгон жерге барып аталган фактыны териштирип жатышат.
Белгилей кетсек, кечээ, 8-июлда, саат 17:00дөр чамасында Баткен облусунун Лейлек районунун аймагындагы Чашмагилдан ашуусунда Кыргызстандын чек ара нарядына тажик тарап күтүүсүз жерден кол салган. Мындан улам аскерлердин ортосунда атышуу болуп, Кыргызстандын Чек ара кызматынын 27 жаштагы аскери Хуснидин Хожиев курман болгон