УКМК: тажик тараптын кол салуусунан бир кыргызстандык аскер каза болду

Окко учкан жаран 27 жаштагы сержант Хуснидин Хожиев болгон. Ошондой эле тажик тарапта дагы жоготуу болгону айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Баткенде тажик чек арачыларынын кол салуусунан Кыргызстандын Чек ара кызматынын бир аскери каза болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Набыт болгон жаран 27 жаштагы сержант Хуснидин Хожиев экени айтылат.
"Тажик чек арачыларынын Кыргызстандын чек ара нарядына куралдуу кол салуусунан бир аскер кызматкери каза болду. Анын өлүмүнүн чоо-жайы такталууда. Алдын ала маалымат боюнча, тажик тарапта дагы каза болгондор менен жаракат алгандар бар", — деп айтылат маалыматта.
Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу болду
Окуя болгон жерде учурда УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев жана күч түзүмдөрүнүн башчылары жүрөт.
Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү аталган фактыны териштирүү иштерин улантууда.
Белгилей кетсек, кечээ, 8-июлда, саат 17:00дөр чамасында Баткен облусунун Лейлек районунун аймагындагы Чашмагилдан ашуусунда Кыргызстандын чек ара нарядына тажик тарап күтүүсүз жерден кол салган. Мындан улам аскерлердин ортосунда атышуу болгон.