Кыргызстанда төрт күндө 6000ге чукул адам коронавируска каршы вакцина алды

5-июлда эмделгендердин саны 121 601 болсо, 9-июлда бул сан 127 591ге жеткен. Анын ичинен 83 001и вакцинанын экинчи дозасын сайдырышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстанда 9-июлга карата жалпысынан 127 591 киши коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
"Өлкөдө күнүнө 1000ден ашык адам вакцина алууда. Ушул жуманын башынан бери төрт күн ичинде 6000ге чукул адам эмделди. 5-июлда вакцина алгандардын саны 121 601ди түзсө, 9-июлда бул сан 127 591ге жеткен. Анын ичинен 83 001и вакцинанын экинчи дозасын сайдырышкан", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүн, 9-июлда, Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1,25 миллион дозасы келиши күтүлүүдө.