Коронавирусту 1 319 киши жугузуп, 10 бейтап каза болду

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 137 058ге жетип, анын 116 358и айыкты. Ал эми вирус өмүрүн алып кеткендердин саны 2 083 болду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Өткөн суткада 1 319 кишиден коронавирус табылып, 845 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 137 058ге жетип, анын 116 358и айыкты.
Сакайгандар:
Тилекке каршы, бир сутка ичинде оору 10 бейтаптын өмүрүн алган. Анын жетөө Бишкекте, үчөө Чүй облусунда дарыланып жаткан. 
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 29 медиктин коронавирус жуктурганы аныкталды. Азыркы тапта ооруканаларда 4 614, үйдө 12 874 бейтап дарыланууда.