Дүйнөдөгү укмуш 19 портрет. Оргуган жаштык жана сибари керемети

Sputnik

Сынакта австралиялык сүрөткер Форгу Явари айым жеңүүчү деп табылды. Анын эки эмгеги "Портреттик тарых" категориясында мыкты болду, ал эми "Мүнөз" категориясында экинчи орунду ээледи. "Үй-бүлөлүк портрет" категориясында биринчи орунга сүрөткер Зай Яр Линдин (Мьянма) эмгектери татыды. Ал эми "Кадимки портрет" ("Естественный портрет") жана "Мүнөз" категорияларында швейцариялык Йозефа Бюргинин эмгектери мыкты деп табылган.

1 / 19
Австралиялык сүрөткер Форгу Яваринин "Жалгыздык" деп аталган сүрөтү. Эмгек жалпы эсепте жана "Портреттик тарых" категориясында да мыкты деп табылып, конкурстун абсолюттук жеңүүчүсү болду
2 / 19
Мундари уруусунан мал айдап бараткан аял. Сүрөт швейцариялык фотограф Йозеф Бюрги тарабынан Түндүк Суданда тартылган. Бул эмгек "Кадимки портрет" категориясында мыкты деп табылды
3 / 19
Австралиялык фотограф Тод Кеннединин бул эмгеги "Күйгөн жердин дарыясы" деген атка конду. Ал конкурстун финалына чейин жеткен эмгектердин бири болду
4 / 19
Бул сүрөт "Портреттик тарых" категориясында үчүнчү орунду ээледи. Австралиялык Нэнси Фламми аттуу фотографтын эмгеги "Коё тур, сельфи жасап алайын" деп аталат
5 / 19
Мьянмалык сүрөтчү Зай Яр Лин бул чыгармасын "Уруулук окшоштук" деп атаган. Эмгек "Үй-бүлөлүк портрет" сынагында биринчи орунга татыды
6 / 19
Австралиялык фотограф Карен Уоллердин "Мышык жана веранда" аталыштагы эмгеги "Кадимки портрет" жарышында экинчи орунду ээледи
7 / 19
Француз фотографы Шарлотт Бористин бул эмгегин "Сибари көлмөсү" деп атаган. Ал конкурстун финалисттеринин бири болду. Сибари адамдын кыймылын жип менен байлаган япониялык искусство болуп саналат
8 / 19
"Шакул" деп аталган бул эмгекти конкурска Бириккен Араб Эмирлигинен (БАЭ) сүрөтчү Пауль-Влад Эпур жиберген. Ал сынакта мыктылардын катарына кирди
9 / 19
Америкалык фотограф Жон Пауэрстин "Жан дүйнө тынчтыгы" конкурстун финалисттеринин катарына кирди
10 / 19
Австралиялык сүрөтчү Форгу Яваринин бул эмгеги "Жалгыздык азабы" деп аталат. Бул автор "Портреттик тарых" сынагында биринчи орунду жеңип берди
11 / 19
"Алтын булалуу адам" аталыштагы бул эмгек бангладештик сүрөтчү Азим Хан Ронниге таандык. Була өндүрүшүндө эмгектенген кишинин портретин чагылдырган бул эмгек авторго "Кадимки портрет" категориясында үчүнчү орунду алып берди
12 / 19
Италиялык фотограф Чезаре ди Либорионун "Укмуштуу аял" аталыштагы сүрөтү конкурстун финалына чыкты
13 / 19
Таиланддык каро уруусундагы үй-бүлөнүн портрети "Дарыя адамдары" деп аталат. Жатенипат Кетпрадиттин эмгеги "Үй-бүлөлүк портрет" категориясында экинчи орунду ээледи
14 / 19
"Үнсүз байланыш" деп аталган бул эмгекти австралиялык фотограф Ненси Фламми тарткан. Сүрөт "Үй-бүлөлүк портрет" категориясында үчүнчү орунга татыды
15 / 19
"Кебабхана" деп аталган бул сүрөт индиялык фотограф Дебдатта Чакработиге таандык. "Кадимки портрет" категориясында ал финалга жетти
16 / 19
Австралиялык сүрөтчү, конкурстун жеңүүчүсү Форгу Яваринин бул эмгеги "Менин кыялым бар" деп аталат. Сүрөт "Мүнөз" категориясында экинчи орунду ээледи
17 / 19
"Сури уруусунун кызы" аталыштагы сүрөттү фотограф Зай Яр Лин (Мьянма) тарткан. "Үй-бүлөлүк портрет" категориясында бул эмгек жеңүүчү болду
18 / 19
Бул сүрөт "Бонн Мари" деп аталат. Аны австралиялык фотограф Брайан Касси тарткан. Эмгек конкурста үчүнчү орунду ээледи
19 / 19
"Оргуган жаштык" деп аталган сүрөттү австралиялык фотограф Адриан Донахью тарткан. Эмгек мыктылардын сабына кирип, конкурстун финалына өттү.