Бишкекте каржылык пирамидадан 35 миң долларга алдап кеткен. Шектүүлөр кармалды

Бул иш боюнча шектүүлөр кармалгандан кийин алардын үстүнөн дагы 10 адамдан арыз түшүп, алданып калганын билдиришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бишкекте каржылык пирамида ыкмасын колдонуп адамдарды 35 миң долларга алдап кетти делген үч киши кармалды. Бул туурасында Ленин райондук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Алгач С.К. аттуу калаа тургуну Ленин РИИБге арыз жазып, аны алдап кеткен үч кишиге чара колдонууну сураганы айтылат.
"Алар июнь айында Жал кичи районунда жайгашкан фирмалардын биринин офисинде Antares Trade деген каржылык пирамида уюштуруп, жабырлануучунун 35 миң долларын алдап алган. Каражатты алып жатканда кайра көбөйтүп берүүнү убадалаган. Бирок кийинчерээк из жашырып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты КЖБРге катталып, Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Финансы пирамидасынын принциби менен иштеген уюмдар кайсы аймакта экени айтылды
Анын алкагында Ленин районунун криминалдык милициясы 45 жаштагы М.Д., 39 жаштагы Т.С. жана 57 жаштагы Х.Ч. аттуу адамды шектүү катары кармаган. Натыйжада соттун чечими менен үчөө тең эки айга №1 тергөө абагына киргизилген.
Мындан сырткары, кармалган жарандардын үстүнөн дагы 10 адамдан арыз түшүп, алданып калганын билдиришкен. Учурда алардын чыгымдары такталууда.
Ошондой эле милиция шектүүлөрдүн башка кылмыштарга да катыштыгы бар-жогун аныктап жатканы белгиленди.