БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Гаитинин президенти Жовенель Моизди өлтүрүүгө шектелип кармалган америкалыктар сурак учурунда жалданган адамдарга мамлекет башчысын жок кылуу милдети жүктөлбөгөнүн билдиришти. Бул тууралуу РИА Новости аймактык басылмаларга таянып жазды.
Акыркы маалыматтарга караганда, камакка алынган шектүүлөрдүн арасында гаити тектүү эки америкалык Жеймс Солаж жана Жозеф Венсан бар.
"Алар котормочулук кылганбыз дешти. Жалданма аскерлердин максаты президент Моизди өлтүрүү эмес, тергөөчү, соттун буйругу менен камакка алуу болгон", — деп басылмага кармалгандардын көрсөтмөсүнө таянып судья Клеман Ноэль билдирген.
Солаж "бул жумушту интернеттен таптым" деп айткан. Ал Гаитиге бир ай, ал эми жалданган кишилер үч ай мурда келген.
Судья шектүүлөрдүн автоунаасынан ок атуучу курал менен долларлардан тышкары Моиздин үйүндө орнотулган видеобайкоо камерасынын серверин жана анын аялынын чектерди эсептеген китепчесин табышкан.
Эске салсак, 7-июлга караган түнү Гаити башчысынын резиденциясына кол салуу болуп, натыйжада мамлекет жетекчиси жубайы менен алган жараатынан улам каза болгону кабарланган. Кийин Гаитинин Доминикан Республикасындагы элчилиги биринчи айым көз жумду деген маалыматты төгүндөгөн. Бирок аялдын ооруканада жатканы, абалы оор экени, үч жерине ок тийгени маалымдалган.
Гаитинин укук коргоо органдары кылмышка шектүү 28 адамдын аты-жөнүн тактап, алардын 26сы Колумбиянын жараны экендигин аныкташкан. Анын 17си кармалып, жетөө жок кылынган.