Далай-лама ден соолукта болуу үчүн канча саат уктоо керектигин айтты

Тибеттин руханий лидеринин айтымында, ачууланып, эмоцияга алдыруу адамдын жалпы абалына таасир этет, анын ичинде тынч уйку бербейт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. 110-113 жашка чейин өмүр сүрүүнү тилек кылган Далай-лама XIV ден соолукта болуу үчүн канча саат уктоо керектигин айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ага ылайык, 6-июль күнү 86 жашка чыккан тибеттик буддисттердин лидери Далай-лама көптөгөн адамдардын достук мамилеси жана каалоосу менен 110-113 жашка чейин жашоого ниеттенип жаткандыгын билдирген.
"Биз ачууланып, өзүбүздү ар кандай эмоцияларга алдырсак ал жалпы абалыбызга да таасир этерин билишибиз керек. Мисалы, кан басым көтөрүлгөндө жакшы уктай албай кыйналабыз. Мээ тынч болсо денибиз да сак болот. Өзүм тууралуу айтсам, акыл-эсим тынч, ошондуктан 9 саат бир калыпта уктайм. Мындай уйку терең мааниге ээ", — деген Далай-лама.
Дарыгер ысыкта өнөкөт оорулар күч аларын айтты
Буддисттердин руханий лидери саясатчылардын бири күнүнө 4-5 саат гана уктай тургандыгын, жакшы эс алууну самап жүргөнүн айткандыгын эскерип өттү.
"Бөтөнчө саясатчы менен ишкерлер үчүн жетиштүү, бекем жана тынч уйку зарыл. Бул психикалык абалга жана дененин бардык элементтеринин иштешине оң таасирин тийгизет", — деген Далай-лама.
Ал тогуз сааттык терең уйкудан кийин бир нече саат медитация кыларын кошумчалаган.